Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 01:03
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Кыргызстанда Глобалдык жашыл өнүгүү институтунун филиалы ачылат

20.02.2023 17:14
326
Кыргызстанда Глобалдык жашыл өнүгүү институтунун филиалы ачылат

Үстүбүздөгү жылдын апрель айында Кыргызстанда Глобалдык жашыл өнүгүү институтунун («GGGI») филиалын ачуу пландалууда. Бул тууралуу аталган институттун башкы директору Франк Рейсберман министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен болгон жолугушууда билдирди.


Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров Глобалдык жашыл өнүгүү институтунун («GGGI») башкы директору Франк Рейсберман жетектеген делегацияны кабыл алды.


Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын, анын ичинде жашыл экономиканы өнүктүрүү жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча келечектүү долбоорлорду жана программаларды талкуулашты.


Жыйындын катышуучулары курчап турган чөйрөнү коргоо жана жаратылыш ресурстарын натыйжалуу пайдаланууга байланышкан глобалдык маселелерди чечүүдө гидроэнергетикалык потенциалы жогору өлкө катары Кыргызстандын маанилүү жана активдүү ролун белгилешти.


«Биздин өлкө 2030-жылга карата парник газдарын бөлүп чыгарууну 44% кыскартууну максат кылууда. 2050-жылга чейин жашыл өнүгүү платформасында биз көмүртектин нейтралдуулугуна жетишүүгө аракет кылабыз. Локомотив катары энергиянын кайра жаралуучу булактары, биринчи кезекте гидроэнергетика болот», - деди Акылбек Жапаров.


Өз кезегинде Франк Рейсберман өз ара пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууга даяр экендигин билдирип, үстүбүздөгү жылдын апрель айында республикада «GGGI» филиалын ачуу пландалып жатканын белгиледи.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн