Кыргызстанда алгачкы жолу куткаруучулар тууралуу тасма тартыла баштады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, даректүү тасманы ӨКМдин Куткаруу кызматтарынын тагыраагы, куткаруучулардын ары түйшүкчүл, ары тобокел күндөрү коштойт.
Т.Океев атындагы "Кыргызфильм" улуттук киностудиясы "Куткаруучулар" аталышындагы даректүү фильмин 2025-жылдын апрель айынын башынан ѳндүрүшкѳ киргизген.
Тасманын режиссерлугуна Алим Токторов бекитилди. Фильмди тартуу иштери 15-19-апрель күндѳрү Баткен облусунун Сүлүктү шаарында, ӨКМдин Тоо кырсыгынан куткаруу кызматынын Биринчи өзүнчө мобилдештирилген тоо кырсыгынан куткаруу взводунун куткаруучулары менен жүргүзүлдү.
Кино тартуу иштери май айында Чүй облусундагы Куткаруучуларды даярдоо мамлекеттик борборунда, Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча башкармалыктарынын Өрт ѳчүрүү-куткаруу бѳлүктѳрүнүн биринде жана Чолпон-Ата шаарындагы Суучулдарды даярдоо борборунда уланмакчы.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн