Кыргызстанда аскерлердин эмгек акысы 50 пайызга чейин көбөйтүлгөнүн Коргоо министрлиги 2023-жылга карата негизги жыйынтыктар тууралуу отчёт берип жатып билдирди.
"Үч жылдан бери катардагы аскер кызматчыларына 22 миң, абадан кол салуудан коргонуу күчтөрүнүн учуучу курамына 24-42 миң жана Баткенде кызмат өтөгөн жоокерлердин маянасына 50 миң сомго чейин кошулган", — деп айтылат кабарда.
Министрлик жаңы аскер бөлүктөрү түзүлө баштаганын, бул жылы "Печора-2БМ" зениттик ракеталык комплекси сатып алынганын кошумчалаган.
Пикирлер (1)