Бугу 03, 2024
Убакыт: 18:53
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Кыргызстанда бай жашоодон коркуу синдрому эмнеге алып барат?

24.02.2021 11:54
838
Кыргызстанда бай жашоодон коркуу синдрому эмнеге алып барат?

Советтер союзу жаңыдан ыдырап, соода-сатыктын көзүн таба алгандар алгачкы 3-4 жылдын ичинде эле бир топ ирденип, «Жаңы кыргыз» (орустарда «Новый русский» деп аталган) деп атыгып, бай жашоосун жаап-жашырмак турсун, тескерисинче элдин көзүнө көбүрөөк көрүнүп туруу модага айланып кеткендей болду эле. Ырас, ал убакта элдин көбү жумушсуздуктун айынан кара курсакты да дурус тойгуза албай калган мезгил эле. Ошол эле убакта базар экономикасынын шартын эч кабагым-кашым дебей туура кабыл алгандар болгон. Алардын көпчүлүгү «жаңы кыргыздар» атыккан. Бүгүнкү күндө ошол «жаңы кыргыздардын» алды эң ири байлардын катарында. Эч кандай мамлекеттик кызматтарда иштебей эле, жалаң соода-сатык менен, ишкерлик менен алектенип жүрүшүп, алдыңкы байлардын катарына кошулушту. Эң башкысы алар базар экономикасынын шартын, талаптарын өз убагында туура түшүнүп, ошого жараша туура кадам таштагандар болду.


Ошол эле убакта мамлекеттик үлкөн кызматтарда, же сот, прокурорлук креслолордо узак жылдар отуруп байыгандар чыкты. Алардын байлыгы жогоруда биз кеп кылган ишкерлердин байлыгынан кем калбайт. Катар-катар элиталык батирлери, хансарайлары, кымбат баадагы автоунаалары ачыкка чыгып жаткан айрым соттор, чиновниктер буга мисал. Өзгөчө акыркы убактарда коррупция беренеси менен кармалган соттор, чиновниктердин кыймылсыз мүлктөрү маалымат каражаттары аркылуу кеңири жарыялана баштады. Албетте, паракорчулук, кызматтык абалынан кыянат пайдалануу менен мыйзамсыз байыган аткаминерлердин мүлктөрүнүн ачыкка чыкканы жакшы. Бирок, ошол эле убакта ушунча байлыгы барлардын баарын эле коомго «бөкөчө» көрсөтө берүү калпыс кадам. Өзүнүн таман акы, маңдай тери менен байыгандарды да мындай көрүнүш чоочута баштады.


Кыргызстанда акыркы жылдарда бай жашоо кооптуу болуп калгандай жагдай түзүлдү. «Бардык байлар коррупция жолу менен байыган» деген сыяктуу билинбеген түшүнүк коомду каптап бараткандай. Мындан улам айрым ири ишкерлер өздөрүнүн капиталдарын сыртка чыгарып кетүү аракеттерин баштады. Себеби, жогорудагыдай түшүнүк жашаган мамлекетте мээнет менен тапкан байлыктарын да коргоп калуу мүмкүнчүлүгү жок болуп калышы мүмкүн.


Эгерде бул түшүнүктү тез арада кайра оң жолго салбасак, анда дагы бир топ ишкерлер капиталдарын сыртка чыгарып кетет. Кыргызстанда жүргүзүп келаткан ишкерлигин чет мамлекеттерде улантууну туура көрүшөт. Ошондо биздин мамлекетте жалаң жарды жашагандар гана калышы керек болобу? Анда жумушчу орундарын ким түзөт? Ким мамлекетке ишкерлик жүргүзгөнү үчүн салык төлөйт? Ансыз да Кыргызстанда ишкерлер үчүн тиешелүү деңгээлдеги шарттардын камсыздалбаганынан улам сыртта жүргөн бир топ бай мекендештерибиз өз өлкөсүнө инвестиция салуудан чоочуркашат. Себеби, бизде улам бийлик алмашкан сайын ишкерлерге түрдүү бут тосуулар, коркутуулар болуп келери жашырун эмес. Эми ага кошумча Кыргызстанда бай жашоо кооптуу жагдайы түзүлсө, тилин тишине катып иштеп келаткан ишкерлерден да кол жууп калбайбызбы?


Коррупцияга каршы күрөш – бул мамлекеттик кызматтарда туруп байыгандарга, мамлекеттик байлыгына кол салгандарга гана багытталышы керек. Бул күрөштү бетке кармап, жумушчу орундарын түзүп, салыгын төлөп, мамлекетибиздин экономикасына салымын кошуп келаткан ишкерлерге да сес көрсөтүү чекилик. Өнүккөн өлкөлөрдө мыйзам алкагында иштеп жаткан ишкерлерди мамлекеттик тиешелүү органдар алка-жакадан алып текшере бербейт. Тескерисинче, алардын коопсуз иштөөсү үчүн бардык шартты түзүп беришет. Бизде да ошондой кадамдар жасалышы абзел. Болбосо, бош казанды калдыратып гана отуруп кала турган жагдайга кептелебиз.


Сагынбек Сатыкеев


Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Арси.
Ал го туура. Бирок, ошол байлыгынын негизинде бийлике жетип, бийликти кайра эле ошол байлыгынын кызыкчылыгына колдонуп, мыйзамдарды ошого жараша тууралап, казынага эбегейсиз чон суммадагы акчалардан куру жалак калтыргандарды да эстен чыгарбоо керек. Бизде, кыргыз элинде, эгер кимдир бироонун акчасы коп болсо, ал абдан акылдуу, созсуз бийлике барыш керек деген пикир терен синген. Ошол эле учурда бизнес менен саясат деген таптакыр эки башка тушунук экенин копчулук тушуно бербейт.