Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 22:39
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Кыргызстанда бир суткада 10 миңге жакын адам КРВИ менен ооруган

15.12.2022 11:39
733
Кыргызстанда бир суткада 10 миңге жакын адам КРВИ менен ооруган

Кыргызстанда бир жумада сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук инфекция (КРВИ) менен ооругандардын саны 1,5 эсеге көбөйдү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова билдирди.


Анын айтымында, жыл башынан бери курч респиратордук вирустук инфекциянын 14 миң 798 учуру жана сасык тумоонун 153 учуру катталды.


“Өткөн жумага салыштырмалуу курч респиратордук вирустук инфекция жана сасык тумоо менен ооругандардын саны 1,5 эсеге көбөйгөнү байкалды. Бардык оорулардын 68,7 пайызы 14 жашка чейинки балдарда катталууда, башкача айтканда 9 миң 669 учурду балдар түзүп жатат. 14-декабрга карата республикада курч респиратордук вирустук инфекциялардын 9 миң 788 учуру жана сасык тумоонун 21 учуру катталды”, - дейт ал.


Баатырова бүгүнкү күндө саламаттык сактоо министрлиги тарабынан профилактикалык иш-чаралар күчөтүлгөн.


“Учурда 130 миң жаран эмдөөдөн өтүп, жалпысынан калктын 83 пайызы эмделди”, - деди министр.


Кыргызстанда оорунун күчөшүнөн улам ооруканаларда жалпы 10 миң 33 орундук даярдалганы айтылды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн