Тогуздун айы 14, 2025
Убакыт: 16:43
USD
87.30
87.80
EUR
100.70
101.70
RUB
1.080
1.105

Кыргызстанда биринчи жолу 40 кабаттуу ипотекалык үйлөр салынат

07.08.2025 09:09
282
Кыргызстанда биринчи жолу 40 кабаттуу ипотекалык үйлөр салынат


Кыргызстанда биринчи жолу 40 кабаттуу премиум класстагы ипотекалык үйлөр курулат. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев билдирди.


Анын айтымында, көп кабаттуу үйлөр президенттин тапшырмасына ылайык, Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан Бишкек шаарында курулмакчы.


"Кыргызстанда 94 пайыз жер тилкеси тоолуу, ал эми 6 пайызы түздүк болуп саналат. Биздин шаарлар күн санап чоңоюп, калктын саны өсүүдө",- деди Туманбаев.


Ошондой эле ал көп кабаттуу үйлөрдүн курулушунда сейсмологиялык талаптардын баары эске алынып, коопсуздук эрежелерине жооп берерин кошумчалады.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн