Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 00:49
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Кыргызстанда эки жаңы санариптик документ пайда болду

12.12.2023 12:35
380
Кыргызстанда эки жаңы санариптик документ пайда болду


“Түндүк” мобилдик тиркемесинде Никелешүү тууралуу күбөлүк жана Никени бузуу тууралуу күбөлүк жаңы санариптик документтер жеткиликтүү болду.

Санариптик өнүтүрүү министрлигинен билдиришкендей, бүгүнкү күндө юридикалык мааниге ээ санариптик документтердин тизмесине төмөнкүлөр кирет: паспорт, айдоочулук күбөлүк, транспорт каражатын каттоо күбөлүгү, туулгандыгы тууралуу күбөлүк, никелешүү тууралуу күбөлүк жана никени бузуу тууралуу күбөлүк.

Санариптик документтер жеке идентификация талап кылынган бардык учурларда – мамлекеттик органдарда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, кызмат адамдарына, юридикалык жана жеке жактарда көрсөтүлүшү мүмкүн.

Санариптик документтерди колдонуу үчүн:

  • AppStore же PlayMarketтен “Түндүк” мобилдик тиркемесин жүктөп алуу;
  • Булуттук электрондук санарип кол тамгасын колдонуу менен мобилдик тиркемеге кирүү. Электрондук кол тамганы “Түндүк” тиркемесинде онлайн же калкты тейлөө борборуна барып акысыз алса болот;
  • Тиркемеде “Санариптик документтер” бөлүмүнө өтүү.

Эгерде сиздин санариптик документ мобилдик тиркемеден көрсөтүлбөсө, аны санариптештирүү керек. Ал үчүн ыйгарым укуктуу органдга кайрылуу керек:

  • КТБ/Аймактык бөлүмдөр - паспорт, туулгандыгы тууралуу күбөлүк, никелешүү тууралуу күбөлүк жана никени бузуу тууралуу күбөлүк;
  • “УНАА” ММ – транспорт каражатын каттоо күбөлүгү жана айдоочулук күбөлүк;
  • Эгерде үй-бүлөнүн курамы боюнча маалыматтар жок же туура эмес болсо, МАБ/айыл өкмөтүнө кайрылуу керек.

Жакында дагы бир санариптик документти – Пенсиялык күбөлүктү кошуу пландалууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн