Бир суткада жалпысынан 15 бейтап коронавирустан айыгып, ооруканадан чыкты. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымат жыйында айтты.
Ооруканадан чыккандар төмөнкү аймактарда:
Бишкек шаарында – 4;
Нарын облусу – 1;
Ош облусу – 4;
Ош шаарында – 6;
Муну менен Республика боюнча бүгүнкү күнгө карата жалпы 216 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн