Бугу 16, 2024
Убакыт: 16:14
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Кыргызстанда медициналык окуу жайлар бюджеттик орундарды көбөйтүүдө

07.08.2020 13:10
5964
Кыргызстанда медициналык окуу жайлар бюджеттик орундарды көбөйтүүдө

 

Саламаттык сактоо системасынын айрым адистиктер боюнча чоң суроо-талабын эске алуу менен Саламаттык сактоо министрлигинин буйругу боюнча Мамлекеттик медициналык академиясында бюджеттик орундар бөлүндү. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарланды.


Маалыматка ылайык, «Дарылоо иши» адистиги боюнча 210 орун, «Медициналык – профилактикалык иши» - 60 (20 орунга көбөйгөн), «Педиатрия» - 40, «Медайымдык иш» - 10 орун. 


Ош мамлекеттик университетинде 80 бюджеттик орун бөлүндү: «Дарылоо иши» - 40 орун, «Медициналык – профилактикалык иши» - 20, «Педиатрия» - 15 орун.

Ординатура боюнча бюджеттик орундар: «Эпидемиология» - 30 орун«Инфекциялык оорулар» - 22 орун, «Микробиология» - 30 орун жана «Реаниматология» - 26 орун. 

Ошондой эле 2020-2021-окуу жылына ординатурада кошумча 250 бюджеттик орун бөлүү боюнча маселе каралууда.

2020-2021-окуу жылына бюджеттик орундар төмөнкү адистиктер боюнча да көбөйдү: «Пульмонология» - 35 орун
, «Тез медициналык жардам» - 12 орун жана «Клиникалык лабораториялык диагностика» - 20 орун.

Пикирлер (14)

Коопсуздук коду
Абубакир
Саламатсызбы менде 9класстын аттестат ты менен тапшырса болобу контракт или бюджетке мед братка
Мадына
Азыркы учурда медицинага кабыл алабы?
Мадина
Саламатсызбы . Медицина окуу жайы азыркы учурда кабыл алабы?
Нураида
Мен 9 дан чыкканмын 2 жыл уйдо журуп калдым Эми болсо окуйун деп жатам ошого Мени аласынарбы жооп берип койунчу сураныч
Айназик
Мен 9 Ду бутуп окуйун деп жатам азыр 9 классмын же сосуз 11ди бутушум керекби жоп берип коунузчу?
Гулиза
Медициналык университет жонундо айтып бересиздерби?