Бугу 09, 2024
Убакыт: 08:50
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Кыргызстанда мектептер ЖОЖдор 3 жумага карантинге жабылат

14.03.2020 15:40
3776
Кыргызстанда мектептер ЖОЖдор 3 жумага карантинге жабылат


Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-мартта бир катар мамлекеттик органдардын жетекчилери жана Өкмөттүн аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн катышуусу менен чакан курамда Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрдү.


Коопсуздук Кеңешинин буга чейин болуп өткөн эки жыйынындагы коронавирустун кирүүсүн алдын алуу жана өлкөнүн экономикалык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кабыл алынган чечимдеринин аткарылышы каралды.


Жыйында жүрүшүндө үстүбүздөгү жылдын 16-мартынан баштап, өлкөнүн бардык мектептерин жана жогорку окуу жайларын үч жумага карантинге жабуу чечими кабыл алынды.


Ошондой эле президент Сооронбай Жээнбеков тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилеринин жеке жоопкерчилиги жөнүндө дагы бир жолу эскертти. Зарыл болгон иш-чаралар тиешелүү деңгээлде ишке ашырылбаса, эң катуу чаралар көрүлөрүн айтты. 

Пикирлер (3)

Коопсуздук коду
elida artykova
жайкы каникул узарабы 3жума каникул болсо
Илёсжон Турдубаев
Булани хаммаси худодан мактап ёпилса нима карантин булмай колишимиз мумкинми ахир
Маматалиев Абдималик
Эн туура чечим, эмне кылалы деп бири - бирин карап отурбастан чечкиндуу аракет керек эле .Сактанганды кудай озу сактайт.