Бугу 10, 2024
Убакыт: 10:36
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Кыргызстанда минералдык жер семирткичтерди ташып чыгууга убактылуу тыюу салынды

01.03.2024 12:26
225
Кыргызстанда минералдык жер семирткичтерди ташып чыгууга убактылуу тыюу салынды


Кыргызстанда минералдык жер семирткичтерди өлкөдөн ЕАЭБдин бажы аймагынын чегинен тышкары ташып чыгууга тыюу салынды.

"Токтом" маалыматтык-укуктук порталынын маалыматына ылайык, КР министрлер кабинетинин 2024-жылдын 22-февралындагы N 81 Кыргызстандан минералдык жер семирткичтерди Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынын чегинен тышкары (эл аралык транзитти жана КР министрлер кабинети тарабынан көрсөтүлүүчү гуманитардык жардамды кошпогондо) ташып чыгууга ушул токтом күчүнө кирген датадан тартып беш күн өткөндөн кийин киргизилүүчү алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салынды.

Токтом менен ташып чыгууга тыюу салынган минералдык жер семирткичтердин тизмеги бекитилди.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети жумуш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн