Бугу 18, 2024
Убакыт: 21:06
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Кыргызстанда мыйзамсыз курулган 28 миң жер тилкеси документтештирилди

13.05.2022 10:25
607
Кыргызстанда мыйзамсыз курулган 28 миң жер тилкеси документтештирилди

Үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталында өзүм билемдик менен курулган 28 миң участокко тиешелүү документтер берилди. Бул тууралуу "Кадастр" мамлекеттик мекемесинен билдиришти.


Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө "Кадастр" ММ өзүм билемдик менен курулган участокторго укукту күбөлөндүрүүчү документтерди берүү боюнча иштерди жүргүзүп жатат.


"Бул иштер 2009-жылдын 19-июнундагы "Кыймылсыз мүлк бирдиктерине техникалык изилдөө жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" жобонун 48-50-пункттарына ылайык жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.


Белгиленгендей, 2022-жылдын биринчи кварталында Кыргызстан боюнча 28 миңден ашык документ берилген.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн