Жалган курандын 17, 2025
Убакыт: 01:47
USD
87.30
87.80
EUR
94.50
95.50
RUB
1.000
1.030

Кыргызстанда өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 280,4 млрд сомду түздү

12.08.2024 14:49
1028
Кыргызстанда өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 280,4 млрд сомду түздү


2024-жылдын январь-июль айларында өнөр жай продукциясынын көлөмү 280,4 млрд сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитетинин төрагасынын орун басары Зайнидин Жумалиев билдирди.

Анын йтымында, бул 2023-жылдын январь-июль айларына салыштырмалуу 0,8%га көптүк кылат.

"Өндүрүштүн өсүүсүн тазаланган муңайзат продуктулары (1,7 эсеге), жыгач жана кагаз буюмдары, полиграфиялык ишмердик (31,7 пайызга), тамак-аш азыктары (суусундуктарды кошкондо) жана тамеки буюмдары (20 пайызга), фармацевтикалык продукция (20,8 пайызга), резина, пластмасса буюмдары жана курулуш материалдарын өндүрүү (10,3 пайызга), текстиль өндүрүшү жана кийим тигүүнүн (7,2 пайызга) көбөйүүсү шарттаган", - деди ал.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн