Бугу 04, 2024
Убакыт: 06:45
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Кыргызстанда "Амазондун" аналогу пайда болушу мүмкүн

26.01.2023 17:07
253
Кыргызстанда "Амазондун" аналогу пайда болушу мүмкүн

Кыргызстанда Amazon`дун аналогуна окшош аянтча пайда болушу мүмкүн. Бул тууралуу  Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фонду башкармалыгынын төрагасы Азиз Аалиев билдирди.


Анын айтуусуна караганда, мындай долбоорду каржылоого арыз фонддун кардарлары тарабынан берилген. Аянтчаны Бишкектеги "Дордой" базарына жакын жерге куруу пландалууда.


"Долбоор "А" классындагы эл аралык хабды түзүүнү карайт — бул толугу менен онлайн соода менен толук автоматташтырылган жогорку технологиялык кампа, башкача айтканда, Amazon типтүү. Долбоорлор биздин өлкөнүн соода балансын жогорулатууга мүмкүндүк түзөт", - деди Аалиев.


Ал кошумчалагандай, фонд ошондой эле Кызыл-Кыя шаарындагы ири логистикалык борбордун курулушун каржылоого даярданууда. Ал жерде Өзбекстанга экспорттоого арналган атамекендик товарлар сакталат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн