Аяк оона 17, 2024
Убакыт: 01:41
USD
84.40
84.90
EUR
93.20
94.20
RUB
0.915
0.960

Кыргызстанда "Торугарт" өткөрүү пунктун модернизациялоо аяктады

14.07.2023 15:52
302
Кыргызстанда "Торугарт" өткөрүү пунктун модернизациялоо аяктады


Евразия экономикалык комиссиясынын эксперттери жана ЕАЭБ мамлекеттеринин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы «Торугарт» автомобиль өткөрүү пунктунун бажы инфраструктурасынын элементтерин жайгаштырууга жана материалдык-техникалык жактан жабдылышына мониторинг жүргүзүштү. Бул тууралуу ЕЭКтин басма сөз кызматы билдирди.


"Торугарттын" бажы инфраструктурасын модернизациялоо Кыргызстандын ЕАЭБге кирүүсүнүн алкагында жүргүзүлдү. Мониторингдин жыйынтыгы көрсөткөндөй, бардык иштер толук аткарылган. Доклад биримдикке мүчө өлкөлөрдүн өкмөттөрүнө жөнөтүлөт.


«Бүгүнкү күндө ЕАЭБдин тышкы чек арасындагы Кыргызстандын иштеп жаткан 14 өткөрүү пунктунун 10ун модернизациялоо аяктады. Бул жылы биз калган төрт өткөрүү пунктуна мониторинг жүргүзүүнү пландаштырып жатабыз жана Кыргыз Республикасы тарабынан биримдикке кирүүнүн алкагында өткөрүү пункттарын модернизациялоо боюнча милдеттенмелеринин аткарылышынын эсебин алуу пландалууда», - деди ЕЭК Бажы инфраструктурасы департаментинин директору Данияр Иманалиев.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн