Бугу 05, 2024
Убакыт: 05:20
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Кыргызстанда салттуу динди өнүктүрүү жолдору талкууланды

09.02.2022 08:28
772
Кыргызстанда салттуу динди өнүктүрүү жолдору талкууланды



Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын ишмердүүлүгү менен жеринде таанышып, Азирети Муфтий Замир кары Ракиев менен жолугушту.  Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.


Эки тараптуу баарлашуунун жүрүшүндө Эдил Байсалов мамлекет жетекчилиги Дин Башкармалык (Муфтият) менен мамилеге өзгөчө маани берерин жана өлкөдөгү салттуу ислам дининин туура нукта өсүүсүнө КМДБнын орду чоң экендигин билдирди. Азирети Муфтий Муфтияттын ишмердүүлүгү жана өлкөдөгү диний абал боюнча Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарына маалымат берди. Муну менен катар Ханафий мазхабы, Матурудий акыйдасы боюнча эл арасында түшүндүрүү иштери жүрүп жаткандыгын айтып, терс диний агымдардын алдын алууда бардык аракеттер көрүлүп жаткандыгын маалымдады.


Жолугушуунун жүрүшүндө конфессиялар аралык ынтымакты чыңдоо, диний чөйрөдөгү өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелери жана диний окуу жайлардын абалы талкууланды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн