Бугу 19, 2024
Убакыт: 00:32
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Кыргызстанда студенттердин стартап-долбоорлоруна сынак жарыяланды

27.10.2023 16:40
266
Кыргызстанда студенттердин стартап-долбоорлоруна сынак жарыяланды


Кыргызстанда студенттердин стартап-долбоорлоруна сынак жарыяланды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Конкурска катышуу үчүн креативдүү идеяларды өндүрүүгө жана ишке ашырууга багытталган бардык багыттар боюнча студенттик стартап долбоорлорунун арыздары кабыл алынат.

Катышууга 18 жаштан 35 жашка чейинки студенттер, ошондой эле кеминде 3 студенттен турган долбоордук топтор чакырылат.

Стартап долбоорлор кийинки критерийлер менен бааланат:

долбоордун инновациялыгы, жаңы технологияларды колдонуу даражасы жана (же) жаңы продуктуну же кызмат көрсөтүүңүн жаңы түрүн өндүрүүнү камтыган процесстин уюштуруу принциптери;

  • Стартап долбоорунун демилгечиси долбоордун негиздөөчүлөрүнүн бири болушу керек;
  • Стартап долбоорунун демилгечилери бир гана долбоор менен катыша алат;
  • Сунушталган бизнес-идеянын уникалдуулугу жана инновациялыкдуулугу;
  • Учурдагы көйгөйлөрдү чечүү үчүн команданын жогорку потенциалы;
  • Бизнес-идеянын өсүү мүмкүнчүлүктөрү жана жалпыга жайылтуу мүмкүнчүлүгү;
  • Социалдык жоопкерчиликке ээ болуу жана айлана –чөйрөгө оң таасир тийгизүү.

Конкурска катышуу үчүн арыздар 2023-жылдын 6-октябрынан 6-ноябрына чейин кийинки электрондук почта аркылуу кабыл алынат: [email protected].

Сынак тууралуу толук маалымат www.edu.gov.kgсайтында, ошондой эле ар бир ЖОЖдун администрациясынан алса болот.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн