Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 06:32
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Дүйнөдө жана Кыргызстанда: COVID-19га чалдыккандар дарыланууга канча коротушат?

27.04.2020 12:39
1500
Дүйнөдө жана Кыргызстанда: COVID-19га чалдыккандар дарыланууга канча коротушат?


Кыргызстанда стационардагы COVID-19 вирусуна чалдыккан бир бейтапты дарылоонун орточу наркы оордугунун даражасына жараша 8000 сомдон 120 000 сомго чейин түзөт.


Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, бул акчага дары-дармектерге, стационарда калууга, медициналык каражаттарга, изилдөө жүргүзүүгө жана анализ тапшырууга кеткен чыгашалар кирген.


COVID-19 вирусу бар бир бейтапты дарылоонун дүйнө жүзү боюнча наркы мисалы: Кытайда бир бейтапты дарылоого кеткен чыгашалардын орточо суммасы 21,5 миӊ юань (3 миӊ доллардан ашык) каражатты түзөт, коронавирусу бар оор абалдагы бейтапты дарылоого 150 миӊ юан (21,3 миӊ доллар) кетет. Сейрек учурларда өтө оор абалдагы бейтаптарды дарылоого бир нече жүз миӊ юань, кээде 1 млн юандан да (140 миӊ доллар) көп акча сарпталган.


Украинанын ар кайсы ооруканаларында бир бейтапты дарылоого оорунун оордугуна, дарылоонун тактикасына карата күнүнө болжол менен 300 гривенден (11$) 10 миӊ гривенге (370$) чейин кетет. 


Россиянын Санкт-Петербург шаарында коронавирус илдетинин жеңил түрү менен ооруган бейтаптын бир күндүк дарылануусу 60 миң рублди түзөт. Эгерде оору орточо түрүнө өтсө, анда дарылоонун баасы бир күнгө 140 миң рублди түзөт. Бейтаптын оорусу оор түрүнө өткөндө дарылоонун баасы кымбаттайт – 202 миң рублди түзөт. 


Өзбекстанда COVID-19 илдети менен ооруган орто абалдагы бейтаптын дарылануусуна 32 млн сум ($3160), оор абалдагы бейтаптын дарылануусуна 64 млн сум ($6320) чыгымдалат.


АКШда камсыздандырылбаган бейтаптарды алты күндүк ооруканага жаткыруу үчүн 73 300 АКШ доллар төлөп берүүгө туура келет, ал эми камсыздандырылган жарандар медициналык мекемелер камсыздандыруу компанияларынан сураган — 38 220 долларга бааланган сумманын бир бөлүгүн төлөшөт. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн