Учтун айы 22, 2025
Убакыт: 14:12
USD
87.30
87.80
EUR
90.70
91.70
RUB
0.860
0.900

Кыргызстандагы 9 айылдын аталышы өзгөртүлдү

22.01.2025 08:59
29
Кыргызстандагы 9 айылдын аталышы өзгөртүлдү


Президент Садыр Жапаров "Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Нарын, Талас, Чүй жана Ысык-Көл облустарынын айрым айыл аймактарын жана айылдарын кайра атоо жөнүндө" КР мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2024-жылдын 5-декабрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Мыйзам Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Ак-Жол айыл аймагынын Таштак айылын Малкалды, Ноокен районунун Э. Алиев айыл аймагынын Параканда айылын Баракелде, Нарын облусунун Кочкор районунун Ормон-Хан айыл аймагынын Большевик айылын Баялы Исакеев, Талас облусунун Бакай-Ата районунун Акназаров айыл аймагынын Ынтымак айылын Шадыкан, Манас районунун Кыргызстан айыл аймагынын Новодонецк айылын Айтматов, Талас районунун Беш-Таш айыл аймагынын Козучак айылын Жанкороз Олуя, Беш-Таш айыл аймагынын Балбал айылын Жаныбек Баатыр, Чүй облусунун Москва районунун Ак-Суу айыл аймагынын Чоң-Арык айылын Сыйдалы, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Кыдыр Аке айыл аймагынын Теплоключенка айылын Ак-Суу айылы деп кайра атоо максатында кабыл алынган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн