Бугу 10, 2024
Убакыт: 10:43
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Кыргызстандагы бардык дарыканаларды текшерүү башталды, - министр

17.01.2024 12:31
130
Кыргызстандагы бардык дарыканаларды текшерүү башталды, - министр


Кыргызстанда дарыканаларды текшерүү башталды. Бул туурасында саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев парламентте билдирди.


Ал бүгүн дары сатууга лицензициясы бар-жогун текшерүү боюнча буйрук чыгарганын айтты. Уруксат кагазы жок иштеп жаткандары жабылат.


Депутат Руслан Жакышев менчик дарыканаларда кымбат сатылып, бир эле дарыга ар кандай баа коюлуп жатканын айтты. Мындан улам аны тескөөгө чакырды.


Бирок министр дары баасын көзөмөлдөгөнгө укугу жоктугун, ошон үчүн мамлекеттик "Эл аман" дарыканалары ачылганын билдирди. Ал мамлекеттик мекемелерде жайгашкан менчик дарыканаларды чыгарып, "Эл аманды" жайгаштырып жатканын кошумчалады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн