Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 20:32
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Кыргызстандан алгачкы тез жардам унаалары чыга баштады

24.11.2020 15:43
17807
Кыргызстандан алгачкы тез жардам унаалары чыга баштады

Кыргызстанда алгачкы жолу автоунаа чыга баштады. "Кыргыз Унаа Курулуш" компаниясы алгачкы тез жардам унаасын  көрсөттү.


Аталган компания 2019-жылдын март айында биринчи этабы иштей баштаган. Заводдо жеңил жана оор өнөр жай, айыл чарба тармагы үчүн комплекттөөчү шаймандар менен техникалар өндүрүлүп жатат, трансформаторлор менен акылдуу эсептегичтер иштелип чыгып, текшерүүдөн өткөн.


Ата мекендик электроэнергетикалык тармагынын чоң потенциалын эске алуу менен ошондой эле чакан жана чоң гидроэлектрстанциялар үчүн зарыл болгон жабдуулар, анын ичинде гидротурбиналар менен генераторлор чыгарылып жатат.


Курулуш иштеринин биринчи этабына болжол менен 20 миллион доллар сарпталган. Завод Европа жана Япониянын заманбап жабдуулары менен жабдылган.

Пикирлер (32)

Коопсуздук коду
Атабек Жапарович
Маашаллах ушундай жанылык, эч ким жазбай калган эле, жол болсун Нурбек мырза, ийгилик иштерине
Элчиев жолчу
Бул авто форд транзит.маалымат жалган окшойткооо
Эрнис Маргуни
Мерс Африкада деле мерс болуп чыгат. Россияда деле мерс болуп жыйналат. Демек Форд жыйналып чыгып атыптыр да
Нурдин
Ушундай жакшы жанылыктар да бар турбайбы.элге мамлекетке киреше болот азаматсынар
Nurbek Beshbalaev
Эн туура , сонун иш башталыптыр. Жумуш орун болсо иштейт элек. 0706677381
Зикиров жусупбек
Молодцы ребята бул каяктан чыгып башталды эми ушуларды кудайым колдосун эч ким тийбесин чукулабай ушулар ийгиликтуу иштесе олкобузго жана башка дагы инвесторлор келип саясаттан тажап буткон кыргызыма кун Тайсон оомин