Чын курандын 23, 2024
Убакыт: 12:30
USD
88.90
89.70
EUR
94.60
95.60
RUB
0.945
0.960

Кыргызстандан алгачкы тез жардам унаалары чыга баштады

24.11.2020 15:43
17821
Кыргызстандан алгачкы тез жардам унаалары чыга баштады

Кыргызстанда алгачкы жолу автоунаа чыга баштады. "Кыргыз Унаа Курулуш" компаниясы алгачкы тез жардам унаасын  көрсөттү.


Аталган компания 2019-жылдын март айында биринчи этабы иштей баштаган. Заводдо жеңил жана оор өнөр жай, айыл чарба тармагы үчүн комплекттөөчү шаймандар менен техникалар өндүрүлүп жатат, трансформаторлор менен акылдуу эсептегичтер иштелип чыгып, текшерүүдөн өткөн.


Ата мекендик электроэнергетикалык тармагынын чоң потенциалын эске алуу менен ошондой эле чакан жана чоң гидроэлектрстанциялар үчүн зарыл болгон жабдуулар, анын ичинде гидротурбиналар менен генераторлор чыгарылып жатат.


Курулуш иштеринин биринчи этабына болжол менен 20 миллион доллар сарпталган. Завод Европа жана Япониянын заманбап жабдуулары менен жабдылган.

Пикирлер (32)

Коопсуздук коду
Темирова Ракыя
Ийгиликтүү болсун
Азиз
Ушул заводтун жеринда прыкратуура иш козгоп атат арзан сатылган деп ош мэриясына
Ийгилик каалайм
Ийгилик каалайм
Адылбек
Сасыган саясатчылар,бийлик талашып буткучо .Азаматтар унаа чыгарып башташты.Ийгилик дагы учак чыгарышсын.
Залина
Сонун жанылык