Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 11:26
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Кыргызстандан алгачкы тез жардам унаалары чыга баштады

24.11.2020 15:43
17826
Кыргызстандан алгачкы тез жардам унаалары чыга баштады

Кыргызстанда алгачкы жолу автоунаа чыга баштады. "Кыргыз Унаа Курулуш" компаниясы алгачкы тез жардам унаасын  көрсөттү.


Аталган компания 2019-жылдын март айында биринчи этабы иштей баштаган. Заводдо жеңил жана оор өнөр жай, айыл чарба тармагы үчүн комплекттөөчү шаймандар менен техникалар өндүрүлүп жатат, трансформаторлор менен акылдуу эсептегичтер иштелип чыгып, текшерүүдөн өткөн.


Ата мекендик электроэнергетикалык тармагынын чоң потенциалын эске алуу менен ошондой эле чакан жана чоң гидроэлектрстанциялар үчүн зарыл болгон жабдуулар, анын ичинде гидротурбиналар менен генераторлор чыгарылып жатат.


Курулуш иштеринин биринчи этабына болжол менен 20 миллион доллар сарпталган. Завод Европа жана Япониянын заманбап жабдуулары менен жабдылган.

Пикирлер (32)

Коопсуздук коду
Турат
Бул кайда экен?
Мира
Ошто чыгарып жатышат
Айтбаев Рыспай Карымшакович
Ишинерге ийгилик каалайбыз, ушул маселени ким ишке ашырса да мин мертебе ыраазычылык билдирем . Азаматсын орконун оссун Аамийин ???? ????????