Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 15:32
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Кыргызстандан алгачкы тез жардам унаалары чыга баштады

24.11.2020 15:43
17850
Кыргызстандан алгачкы тез жардам унаалары чыга баштады

Кыргызстанда алгачкы жолу автоунаа чыга баштады. "Кыргыз Унаа Курулуш" компаниясы алгачкы тез жардам унаасын  көрсөттү.


Аталган компания 2019-жылдын март айында биринчи этабы иштей баштаган. Заводдо жеңил жана оор өнөр жай, айыл чарба тармагы үчүн комплекттөөчү шаймандар менен техникалар өндүрүлүп жатат, трансформаторлор менен акылдуу эсептегичтер иштелип чыгып, текшерүүдөн өткөн.


Ата мекендик электроэнергетикалык тармагынын чоң потенциалын эске алуу менен ошондой эле чакан жана чоң гидроэлектрстанциялар үчүн зарыл болгон жабдуулар, анын ичинде гидротурбиналар менен генераторлор чыгарылып жатат.


Курулуш иштеринин биринчи этабына болжол менен 20 миллион доллар сарпталган. Завод Европа жана Япониянын заманбап жабдуулары менен жабдылган.

Пикирлер (32)

Коопсуздук коду
Аким
Ушундай жакшы кабарлар деле бар экен го! Ишинерге ийгилик!
Мээрим
Жакшы кабар.жалан эле ызы чуудан тажадык
Нурсултан
Ийгилик
Таа
Сасыган саясатчыларды емес ушундай економикалык ийгиликтерди корсоткулочу.
Суйунбек
Эн жакшы тракторлорду чыгаргылаа
Керим
Тушумбу............