Бугу 05, 2024
Убакыт: 07:52
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Кыргызстандан кайсы шаарларга учса болот жана ал үчүн эмне керек?

21.09.2020 13:49
1189
Кыргызстандан кайсы шаарларга учса болот жана ал үчүн эмне керек?


"Манас" аэропортунан бүгүнкү күндө төмөнкү багыттар боюнча бир катар каттамдар жандандырылды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти. 


- Бишкек— Стамбул—Бишкек 

- Бишкек— Анталья—Бишкек 

- Дубай— Бишкек— Дубай 

- Шарджа— Бишкек— Шарджа 

- Ташкент— Бишкек— Ташкент

- Алматы— Бишкек— Алматы

- Бишкек— Москва— Бишкек


"Ош” аэропортунан төмөнкү багыттар боюнча чартердик каттамдар жүргүзүлөт: 


- Москва— Ош— Москва

- Ош—Санкт-Петербург— Ош

- Ош—Новосибирск—Ош

- Ош— Екатеринбург— Ош 

- Ош—Сургут—Ош

- Ош—Красноярк—Ош


Россия, Казахстан, Өзбекстан, Бириккен Араб Эмираттарынын талаптарына ылайык, Кыргызстандын жарандары аталган өлкөлөрдүн аймагына келгенге чейин 3 күн мурда коронавируска текшерилген ПЦР анализдин (терс) жыйынтыгын алышы керек. Түркия мамлекетине уча турган жарандарга ПЦР - тесттин жыйынтыгы керектелбейт. 


Андан сырткары, төмөнкү багыттар боюнча ички каттамдар жандандырылды: 


- Бишкек— Ош— Бишкек (күн сайын)

- Бишкек— Жалал-Абад— Бишкек (жумасына бир жолу, жума күнү)

- Бишкек— Баткен— Бишкек (жумасына бир жолу, шейшемби күнү) 


ААК "МАМ" аэропортторунун терминалдарына кирүүгө уча турган билети бар гана жарандарга уруксат берилет. Аэровокзалдын ичине кирип бара жатканда бардык жарандар дезинфекциялоочу тоннелден өтүшөт.


Саламаттык сактоо министрлигинин алгоритмине ылайык, COVID-19 вирусун жуктурууну алдын алуу үчүн санитардык-көзөмөл пункттарынын кызматкерлери учуп келген бардык жарандардын дене табын текшеришет. Жарандарда ПЦР - тесттин терс жыйынтыгын тастыктаган маалымкат милдеттүү түрдө болушу керек.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн