Кулжа 26, 2024
Убакыт: 19:13
USD
86.40
87.30
EUR
92.30
93.30
RUB
0.960
1.000

Кыргызстандык балбан кыздар Ислам шериктештиги оюндарынан кайтып келди

15.08.2022 11:17
558
Кыргызстандык балбан кыздар Ислам шериктештиги оюндарынан кайтып келди



«Манас» эл аралык аэропортунда Ислам шериктештиги оюндарынын жеңүүчүлөрүн (кыз-келиндердин эркин күрөшү боюнча) салтанаттуу түрдө тосуп алышты.  Бул тууралуу аэропорттун маалымат кызматы билдирет.


 Балбан кыздар  Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы, Мээрим Жуманазарова менен бирге башкы машыктыруучу Нурбек Изабековду жеңиши менен Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт департаментинин жетекчилиги куттуктады.


Эске салсак, Ислам шериктештиги оюндары быйыл Туркияда өтүп жатат. Белгилүү фестивальда дүйнөнүн 54 өлкөсүнөн 4 миңдей спортчу катышууда. Кыргызстан спорттун 16 түрү боюнча мелдештерге катышып келе жатат. Бүгүнкү күндө биздин курама команданын эсебинде 17 медаль бар – 6 алтын, 6 күмүш жана 5 коло. Оюндар 18-августка чейин уланат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн