Чын курандын 19, 2025
Убакыт: 14:15
USD
86.70
87.20
EUR
98.50
99.50
RUB
1.050
1.095

Кыргызстандык куткаруучулар Хатай провинциясында ишин улантат

17.02.2023 08:13
364
Кыргызстандык куткаруучулар Хатай провинциясында ишин улантат



Түркиядагы жер титирөөдөн кийинки издөө-куткаруу иши кыргызстандык куткаруучулар тарабынан Хатай шаарында уланат. 


Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, Түрк тараптын атайы кайрылуусу менен аталган жерге бүгүн ӨКМ куткаруучулары жөнөтүлдү. 


Хатай шаарында да жер титирөөнүн күчү катуу болгондуктан адам курмандыктары көп экендиги айтылып жана бүгүнкү күндө куткаруучулардын жетишсиздиги белгиленди.


Ал эми буга чейин Түркиянын Кахаранмараш шаарынын Хайрулла, Он эки шубхат, Баалыжа, Абдулла Шейит жана Ебрар райондорундагы урап түшкөн имараттарда издөө куткаруу иши жүргүзүлдү. Натыйжада куткаруучулар жалпы 5 адамдын өмүрүн сактап, 168 жарандын сөөгүн чыгарып, туугандарына өткөрүп беришкен.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн