Кыргызстандык куткаруучулар Түркиядагы жер силкинүүдөн кыйраган үйлөрдүн алдынан 28 жарандын сөөгүн чыгарышты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Кахраманмараш шаарына Кыргызстан 67 куткаруучу жөнөткөн.
Мындан тышкары, биринчи учак менен 100 боз үй, 20дай жылууланган аскер чатырын жана мобилдүү ооруканага ылайыкталган бир чатыр жөнөтүлөт. Жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу үчүн керектүү куткаруу механизмдери жана эки үйрөтүлгөн ит менен 100 куткаруучудан турган атайын топ экинчи учак менен барат.
Учак менен тиешелүү медициналык буюмдар, кийим-кече жана биринчи кезекте зарыл болгон керектүү буюмдар гуманитардык жардам катары жеткирилет.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн