Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев Кыргызстан ЕЭКтеги эки министри Максат Мамытканов жана Темирбек Асанбековдун ишине нааразылыгын билдирди.
"Россияда миңдеген мекендештерибиз медициналык кароодон өтүү үчүн кышында сыртта узун кезек күтүп тургандыгы акыркы учурда барыбыздын зээнибизди кейитип олтурат. Евразия экономикалык комиссиясында 2 министр, 5 директор жана 13 директорудун орун басарлары алды 300,000 миң рубль, арты 150, 000 маяна алып олтурганы менен мигранттарыбыздын маселесин көтөрүп чечпегени жүрөк өйүтөт. Чет жакта эмгектенген мекендештерибизди мекенге алып келе албасак да ЕАЭСтин мүчөлүгүнөн пайдаланып, шарттарын түзүп берүү биздин милдет деп эсептеймин",- деди депутат Токтошев.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн