Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 08:44
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Кыргызстандын ИДПсынын өсүшүнүн негизин курулуш жана соода түзөт

19.09.2023 09:43
588
Кыргызстандын ИДПсынын өсүшүнүн негизин курулуш жана соода түзөт


Кыргызстандын ИДПсынын өсүү темпи 2023-жылдын январь-июль айларындагы 2,9 пайыздан кийин январь-август айларында 3,3 пайызга чейин өстү. Бул тууралуу Евразия өнүктүрүү банкынын жумалык баяндамасында айтылат.


Банктын экономисттери жакшырууга өнөр жай өндүрүшүнүн төмөндөшүнүн токтошу түрткү болгонун белгилешүүдө. Өсүү курулуш секторунун, дүң жана чекене сооданын эсебинен уланууда. 


«Айыл чарбасында өндүрүштүн 1,5 пайызга төмөндөшү тоскоолдук таасирин тийгизди, буга учурдагы сезондогу кургак аба ырайы жана бир жыл мурунку жогорку көрсөткүчтөр себеп болду. Биздин эсептөөлөр боюнча, ноябрь-декабрь айларында негизги металлдарды өндүрүү өсүү зонасына кирет, бул 2023-жылдын акырына карата ИДПнын өсүү темпин 4,2 пайызга чейин жогорулатууну камсыз кылат», - деп жыйынтыктады ЕӨБ эксперттери.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн