Бугу 10, 2024
Убакыт: 00:08
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын алдында өнөр жай боюнча комитет түзүлдү

18.01.2024 10:42
814
Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын алдында өнөр жай боюнча комитет түзүлдү


Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын (СӨП) алдында өнөр жай боюнча комитет түзүлдү. Аны ишкер айым, SKY INDUSTRIAL GROUP корпорациясынын президенти Рахат Жунушбаева жетектеди. Бул тууралуу КР СӨПтүн басма сөз кызматынан билдиришти. 

Комитеттин башкы максаты — өнөр жай индустриясын чет өлкөлөрдө жайылтуу жана жаңы келечектүү өнөктөштөрдү издөө. Жаңы түзүлгөн комитет өлкөнүн ичинде да, дүйнөлүк аренада да өнөр жай секторун өнүктүрүүгө активдүү катышууга умтулат.

Комитеттин курамына өлкөдөгү бардык өнөр жай өкүлдөрү кирет. 

"Соода-өнөр жай палатасында өткөн отурумда катышуучуларга өнөр жай комитети жөнүндө жобо берилди, аны Президиумда бекитүү пландаштырылууда", - деп кошумчалашты уюмдун маалымат кызматынан.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн