Чын курандын 12, 2024
Убакыт: 17:24
USD
89.10
89.87
EUR
95.50
96.50
RUB
0.945
0.970

Кыргызстандын аймагында мобилизациялык резервдик жыйындын алгачкы этабы башталды

02.04.2024 10:46
68
Кыргызстандын аймагында мобилизациялык резервдик жыйындын алгачкы этабы башталды


26-марттан тарта Кыргызстандын аймагында мобилизациялык резервдик жыйындын алгачкы этабы башталды.

Коргоо министрлигинен билдиришкендей, бир ай бою Кыргызстандын бардык региондорунан жыйырма эки жаштан кырк жашка чейинки чакырылуучулар аскер ишине үйрѳнүшѳт. Окуу жыйындын аягында катышуучулар Аскердик ант беришип, запаска киргизилип, жашаган жери боюнча биринчи категориядагы аскерге милдеттүү жаран катары каттоого алынат.

Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдеттери жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө» мыйзамына ылайык, жыйырма эки жашка чыккан, аскердик же альтернативдик кызматтарды өтөбөгөн, аскерге чакырууну кийинкиге калтырууга же бошотууга ээ болбогондор мобилизациялык резерв жыйындарын өтөөгө укуктары бар.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн