Теке 03, 2024
Убакыт: 22:20
USD
85.90
86.80
EUR
92.00
93.00
RUB
0.960
1.000

Кыргызстандын аймактарында 2 айда 1,3 млрд сомго 670 ипотека берилген

30.10.2023 14:33
215
Кыргызстандын аймактарында 2 айда 1,3 млрд сомго 670 ипотека берилген


Мамлекеттик ипотекалык компания 2023-жылдын сентябрь-октябрь айларында Германиянын өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланган "Кыргызстанда турак жайды каржылоо" (KFW) программасы боюнча 1 млрд 350 млн сомдон ашык суммага 670 ипотекалык насыя берди.

Мамлекеттик ипотекалык компаниядан билдиришкендей, бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 4,5 эсеге көп болуп саналат.

Бардыгы болуп, Кыргызстандын аймактарында KFW программасы аркылуу 3 фазанын алкагында (2020-жылдан 2023-жылга чейин) 2,3 млрд сомго 1 445 насыя берилген.

Эске салсак, 2023-жылдын 21-августунда Мамлекеттик ипотекалык компания KFW Германиянын өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланган "Кыргыз Республикасында турак жайды каржылоо" (KFW) программасынын үчүнчү фазасын ишке ашырууну баштаган.

"Кыргыз Республикасында турак жайды каржылоо" программасынын чектелүү каражаттарынан улам 2023-жылдын 11-октябрында "МИК" ААКнын электрондук порталында KfW программасына жаңы өтүнмөлөрдү кабыл алуу токтотулган.

KFW программасы боюнча каржылоо 2024-жылыулантылат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн