Бугу 19, 2024
Убакыт: 19:27
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Кыргызстандын биринчи айымы Токиодогу билим берүү мекемелерине барды

21.11.2023 16:12
157
Кыргызстандын биринчи айымы Токиодогу билим берүү мекемелерине барды


Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарова президент Садыр Жапаровдун Японияга расмий сапарынын алкагында Токио шаарындагы билим берүү мекемелерине барды.

«Ota Sakuradai High School» орто мектебин кыдыруу учурунда мекеменин директору Томонори Исияма жана мугалимдер мейманды жылуу тосуп алып, Айгүл Жапарова менен жолугушууга кубанычта экендиктерин белгилешти.

«Ota Sakuradai High School» Токио шаардык орто мектеби — бул окуучулары англис тилин үйрөнүүгө, баарлашуу жөндөмдөрүн жакшыртууга жана университетке кирүүгө даярданууга багытталган «даярдоочу кесиптик орто мектеп».

Биринчи айымга 5 жана 6-класстын бир нече окуучусу Кыргызстандын гимнин аткарып беришти, ошондой эле япониялык окуучулар «Ota Sakuradai High School» кызматташып жана онлайн жолугушуулар аркылуу тажрыйба алмашып турган

Кыргызстандагы «Билимкана» мектебинин окуучулары менен онлайн өз ара байланыштар тууралуу таасирлери менен бөлүшүштү.

Мектептин ишмердүүлүгү тууралуу презентация менен таанышкан соң Айгүл Жапарова кыскача сөз сүйлөп, анда окуучулардын Кыргыз Республикасынын гимнин аткарып бергенинен чындап ырахат алганын белгилеп, алардын өлкөбүзгө болгон кызыгуусу үчүн ыраазычылык билдирип, мектептин жетекчилигине эстеликке белегин берди.

Андан кийин биринчи айым Япониядагы эң эски жеке музыкалык колледж, өлкөдө батыш классикалык музыкасынын өнүгүшүнө зор салым кошкон Токио музыкалык университетинде болду.

Бул жерде атайын биринчи айым Айгүл Жапарова үчүн окуучулар кыргыз элинин музыкалык аспабы – комузда кол ойнотуп беришти, бул өнөрдү аларга мекендешибиз үйрөтөт.

Соңунда биринчи айым аталган окуу жайга белек берди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн