«Биздин күч-аракетибиз биздин өлкөлөргө гана эмес, бүтүндөй аймакка пайда алып келет деп ишенем», - деди президент Садыр Жапаров 13-мартта Бишкекте Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен болгон сүйлөшүүлөрүндө.
Жапаров Кыргызстандын душманы жок, достор, өнөктөштөр, союздаштар жана түбөлүк жакшы коңшулар бар экенин белгиледи.
«Бүгүнкү жолугушуу жакшы коңшулук мамилелерди мындан ары чыңдоого, өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана элдерибиздин жыргалчылыгына багытталган биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга дагы бир маанилүү кадам болоруна ишеним билдиргим келет», - деди Кыргыз Республикасынын Президенти.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн