Бугу 05, 2024
Убакыт: 10:22
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Кыргызстандын эки аймагында күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кыргызстандын эки аймагында күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Ош облусунун жана Ысык-Көл облусунун аймагында жер титирөө катталды.


Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө 21-ноябрда саат 19:34тө Ош облусунун аймагында катталып, очогунда күчү 3,5 баллга жеткен.


Жер титирөө Алай районунун Сары-Могол, Талды-Суу айылдарында 3,5 балл, Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айылында, Кара-Кабак айылында, Алай районунун Арча-Булак айылында 3 баллга чейин сезилген.


Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.


Ошондой эле бүгүн,  22-ноябрда Сейсмология институтунун маалыматына ылайык түнкү саат 3:26да Ысык-Көл облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Жер титирөө Ак-Суу районунун Ак-Булун, Совет айылдарында 3,5 балл, Нововознесеновка, Жыргалаң, Боз-Учук, Качыбек, Ак-Булак айылдарында, Түп районунун Сары-Телегей айылында 3 балл, Токтоян, Кең-Суу, Каркыра айылдарында, Ак-Суу районунун Ичке-Жергез, Отрадное айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген. 


Кайрадан саат 4:34тө ушул эле облустун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.  Жер титирөө Ак-Суу районунун Совет айылында 3 балл, Ак-Чий, Ак-Булак, Нововознесеновка, Ак-Булуң айылдарында, Түп районунун Сары-Телегей айылында 2,5 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн