Чын курандын 13, 2025
Убакыт: 07:14
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.030
1.070

Кыргызстандын фермер-ишкерлерине тоок этин өндүрүүгө басым жасоо сунушталды

10.04.2025 11:09
129
Кыргызстандын фермер-ишкерлерине тоок этин өндүрүүгө басым жасоо сунушталды


Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги дыйкан-фермерлерге, ишкерлерге тоок этин өндүрүүгө басым жасоону сунуштады.


Министрликтен белгилешкендей, 2025-жылдан баштап ата мекендик тоок чарбачылыгын баштоону пландаган ишкерлерге жумуртка өндүрүүгө эмес, эт багытындагы тоокторду көбөйтүүгө басым жасоо сунушталат. Анткени Кыргызстан ички рынокту жумуртка менен толук камсыз кыла алды. Мындан улам, жумуртка өндүрүү төмөнүрөөк киреше бериши мүмкүн болгон ыктымалдуулук бар.


"Ал эми өлкө ичинде жана сырткы рынокто сапаттуу тоок этине болгон талаптын өсүшүн эске алганда, эт багытындагы тоок багуу, ишкерлик жасоодо өнүгүү үчүн олуттуу потенциалга ээ. 

Себеби, тоок эти рынокто тиешелүү каржылык тобокелдиктерден качууга жардам берет жана бизнести кеңейтүүгө, кирешени көбөйтүүгө жаңы мүмкүнчүлүк түзөт. Ошондой эле импорттон арылууга өбөлгө болот", - деп айтылат маалыматта.


Буга байланыштуу ушул тармактагы келечектүү багытты тандаган ишкерлерге министрлик ар тараптуу консультациялык жана маалыматтык колдоо көрсөтүүгө даяр.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн