Чын курандын 21, 2025
Убакыт: 14:16
USD
86.80
87.30
EUR
99.70
100.70
RUB
1.055
1.095

Кыргызстандын имамдарына кызматтык унаалар тапшырылды

25.03.2025 13:49
222
Кыргызстандын имамдарына кызматтык унаалар тапшырылды


Бүгүн, 25-мартта Кыргызстандын имамдарына кызматтык унаалар тапшырылды. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти.


Маалыматта белгиленгендей, автоунаалар рамазандык иш-чара учурунда тапшырылып, ага Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Азамат Юсупов, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын муфтийи Абдулазиз Закиров, муфтийдин орун басарлары, БТК төрагасы жана дин кызматкерлери катышты.


"Иш-чаранын максаты - аймактардагы дин кызматкерлеринин ишин жеңилдетип, оптималдаштыруу жана калкка ыңгайлуу жана сапаттуу диний кызматтарды көрсөтүү. Кызматтык унаалар облустун дин кызматкерлерине өз милдеттерин тез жана сапаттуу аткарууга шарт түзөт",-деп айтылат маалыматта.


Эскерте кетсек, 2024-жылдын 18-декабрында ата мекендик өндүрүштөн чыккан Chevrolet үлгүсүндөгү 20 автоунаа тапшырылган болсо, бүгүн 29 кызматтык унаа тапшырылды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн