Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 05:05
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Кыргызстандын муфтийи күнүнө 150 миң сомдон кантип тапса болорун айтып берди деген маалымат фейк

27.03.2023 10:11
218
Кыргызстандын муфтийи күнүнө 150 миң сомдон кантип тапса болорун айтып берди деген маалымат фейк

«Кыргызстандын муфтийи күнүнө 150 миң сомдон кантип тапса болорун айтып берди» деген видео ФЕЙК! Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.


Соңку күндөрү интернет желесинде «Муфтий Кыргызстана рассказал как зарабатывать от 150 000 сом в день» аттуу фейк видео пайда болду. 


Кудайдан коркпогон кара ниеттүү адамдардын ыйык орозо айында фитна (фейк-маалымат) таратканы таң калычтуу. Жарандарыбыз жалган маалыматка алданып, дезинформациянын курмандыгы болуп калбасын деген тилекте атайын ушул билдирүү таратууну туура көрдүк. 


Андыктан ар кандай маалыматтарга эле ишене бербей, интернет мейкиндигиндеги маалыматтарга акыл калчап, сын көз караш менен карап, медиасабаттуу болууга чакырабыз! 


Ал эми карасанатайлык менен жалган маалымат тараткан жаран, Кудайдан коркуңуз! Азыркы технология өнүккөн шартта фейк аккаунтту бат эле табууга болот. Кудай алдында да, мыйзам алдында да жооп бермек бар.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн