Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 02:16
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Кыргызстандын түштүгүндө күчү 4,3 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кыргызстандын түштүгүндө күчү 4,3 баллга жеткен жер титирөө катталды

Бүгүн, 10-февралда саат 11:24тө Кыргызстандын түштүгүндө очогунда күчү 4,3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу КР Сейсмология институтунан билдиришти.


Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу Кыргызстандын аймагында - Фергана кырка тоолорунда, тагыраак айтканда Жалал-Абад облусуна караштуу Кара-Дөбө айылынан түндүк-чыгышка карай 16 км, Таш-Купыр айылынан түндүк-чыгышка карай 17 км, Макмал айылынан түштүккө карай 19 км, Кош-Дөбө айылынан түштүк-батышка карай 26 км, Жалал-Абад шаарынан чыгышка карай 85 км жана Ош шаарынан түндүк-чыгышка карай 110 км аралыкта жайгашкан.


Жер титирөөнүн күчү калкттуу конуштар: Кара-Дөбө, Таш-Купыр, Салам-Алик, Ара-Көл, Байбиче айылдарында 3 баллга чейин сезилген.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн