Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 05:34
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Кыргызстанга 5 млн сомдук товарды мыйзамсыз ташып келүүгө бөгөт коюлду

29.11.2023 16:11
193
Кыргызстанга 5 млн сомдук товарды мыйзамсыз ташып келүүгө бөгөт коюлду


"Түштүк-Батыш" бажысы жалпы баасы дээрлик 5 миллион сомдук күрмөлөрдү мыйзамсыз ташып келүүгө бөгөт койду. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык,Кыргыз Республикасынын жана ЕАЭБдин бажы чек арасы аркылуу товарларды жана транспорттук каражаттарды мыйзамсыз алып өтүү фактыларынын алдын алуу, аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иш-чаралардын жүрүшүндө бажылык укук бузуу фактысы аныкталды.

Кытайдан "Иркештам" чек ара бекети аркылуу келген жана "Бажы кампасы" бажы жол-жобосуна коюлган товарлардын ичинен декларацияланган товарлардан тышкары жалпы салмагы 3 390 кг түзгөн товар аныкталган.

Товардын баасы 4 млн 950 миң сомду, келтирилген зыяндын алдын ала суммасы 1 млн 412 миң 529 сомду түзгөн.

Факт тиешелүү органда каттоого алынып, материалдар КР мыйзамдарында белгиленген тартипте кароо жана чечим кабыл алуу үчүн Ош облусунун прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн