Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 17:59
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

Кыргызстанга эки Toyota Land Cruiser унаасын алып өтүүдө бажы мыйзамдарын бузуу аныкталган

23.06.2023 16:00
470
Кыргызстанга эки Toyota Land Cruiser унаасын алып өтүүдө бажы мыйзамдарын бузуу аныкталган


Кыргызстанга эки Toyota Land Cruiser унаасы алынып келип, бирок бажы төлөмдөрү төлөнгөн эмес

Бажы кызматынан билдиришкендей, КР бажы мыйзамдарын бузууларды аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иш-чараларды жүргүзүүдө "А.П." ЖЧК тарабынан бажы төлөмдөрүн төлөөдөн качкан фактылар аныкталган.

"2018-жылдын 27-сентябрынан 2019-жылдын 16-июнуна чейин жогоруда аталган юридикалык жактын дарегине 2018-жылы чыгарылган Toyota Land Cruiser 150 жана 2019-жылы чыгарылган Toyota Land Cruiser 150 үлгүсүндөгү 2 унаа алынып келип, Бажы кампасы бажы жол-жобосуна коюлган.

Белгиленгендей, бажы кампасынын бажы жол-жобосунун колдонуу мөөнөтү 3 жылды түзөт. Мындан тышкары, бул товарлар мөөнөт аяктаганга чейин башка бажы жол-жобосуна жайгаштырылууга тийиш. Бирок жогоруда көрсөтүлгөн унаалар бажы органына билдирбестен жана бажы төлөмдөрүн төлөбөстөн башка жактарга сатылып кеткен.

Бажы эрежелерин бузуунун натыйжасында мамлекетке келтирилген зыяндын суммасы 1 млн 388 миң 879 сомду түзгөн.

Чогултулган материалдар КБР МКЖ АДСда катталып, КР мыйзамдарына ылайык кароо жана чечим кабыл алуу үчүн Башкы прокуратурага өткөрүп берилди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн