Чын курандын 18, 2024
Убакыт: 13:09
USD
89.10
89.87
EUR
94.70
95.70
RUB
0.935
0.960

Кыргызстанга россиялык “Спутник V” вакцинасынын 20 миң дозасы келет

Кыргызстанга россиялык “Спутник V” вакцинасынын 20 миң дозасы келет

Бүгүн, 22-апрелде Кыргызстанга россиялык “Спутник V” вакцинасынын 20 миң дозасы келет.


Россиянын Кыргызстандагы элчилигинен билдиришкендей, вакцина Бишкектин “Манас” аэропортуна саат 15:15те келет. Иш-чарага биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков жана Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко катышат.

Вакцинаны жеткирүү президент Садыр Жапаровдун 2021-жылдын 24-25-февралында Москва шаарына жасаган иш сапарынын жүрүшүндө жетишилген келишимдердин алкагында ишке ашырылууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн