Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 09:35
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Кыргызстанга жүк ташуучу унааларды мыйзамсыз алып келүү боюнча коррупциялык схема аныкталды

10.07.2023 12:35
320
Кыргызстанга жүк ташуучу унааларды мыйзамсыз алып келүү боюнча коррупциялык схема аныкталды


Кыргызстанга жүк ташуучу унааларды мыйзамсыз алып келүү жана бажыдан өткөрүү боюнча коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирет.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүмүндө ("Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу") каралган кылмыш белгилери боюнча “Унаа” мамлекеттик мекемесинин аймактык кызматкерлерине карата кылмыш иши козголду.

Белгиленгендей, “Унаа” мамлекеттик мекемесинин аймактар аралык секторунун кызматкерлери материалдык кызыкчылыктарды көздөп, Кыргызстан жана Казакстандын айрым бир жарандары менен мамлекеттик бюджетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян алып келген кылмыштуу сүйлөшүүлөргө барып, ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн жасалма бажы документтерин берүү менен импорттук жана бажылык тариздөө боюнча мыйзамсыз канал түзүшкөн.

Тактап айтканда, ИИМге караштуу “Унаа” мамлекеттик мекемесинин аймактар аралык секторунун кызматкерлери тарабынан Казакстандын Мамлекеттик бажы декларациясынын негизинде 2009-жылы чыгарылган “Вольво ФН480” үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа катталган.

Улуттук банктын курсу боюнча ЕАЭБ бирдиктүү бажы тарифинде белгиленген 16 миң АКШ доллардын, же болбосо 1 млн 400 сомдун ордуна бажы алымынын суммасы 1 230 АКШ долларын (105 850 сом) түзгөн.

Ошол эле учурда, 2022-жылдын январынан майына чейинки мезгилде эле аталган коррупциялык схема менен Кыргызстандын аймагына 300дөн ашык жүк ташуучу унаалар алынып келип, каттоодон өткөн.

Учурда УКМК тарабынан иштин жагдайларын, кызмат адамдарынын катышуусун, келтирилген зыяндын көлөмүн аныктоого багытталган ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн