Бугу 01, 2024
Убакыт: 22:59
USD
88.80
89.70
EUR
94.50
95.50
RUB
0.940
0.965

Кирүү акысыз. Бишкек менен Ош шаарында заманбап индия бийинин кечеси өтө

28.01.2024 12:34
2273
Кирүү акысыз. Бишкек менен Ош шаарында заманбап индия бийинин кечеси өтө


Бишкек менен Ош шаарында заманбап индия бийинин кечеси өтөрүн Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.


Ага ылайык, иш-чара Бишкекте 1-февралда Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда саат 18:00дө болсо, Ош шаарында 3-февралга белгиленген.


"Каалоочулар кечеге саат 18:00дө Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында күбө боло алышат", — деп айтылат маалыматта.


Маданий программа Кыргызстан менен Индиянын Маданият министрликтеринин ортосундагы 2022-2026-жылдарга карата маданий алмашуу программасынын алкагында ишке ашырылары кошумчаланды. Иш-чарага кирүү акысыз.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн