Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин 20-22-март күндөрү расмий иш сапары менен Россияга барат. Бул тууралуу Кытайдын тышкы иштер министрлиги билдиргенин чет элдик маалымат каражаттары кабарлады.
Маалыматка ылайык, Си Цзиньпин президент Владимир Путин менен жолугушат.
"Си Цзиньпиндин Россияга боло турган иш сапары эки өлкөнүн ортосундагы мамилелердин бекемделишине жана жаңы мүмкүнчүлүктөргө жол ачат",- деп айтылат маалыматта.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн