Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 20:15
USD
88.80
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.940
0.965

Кытайлык миллиардер 2020-жылдын октябрынан бери биринчи жолу коомчулукка чыкты

20.01.2021 14:04
564
Кытайлык миллиардер 2020-жылдын октябрынан бери биринчи жолу коомчулукка чыкты

Аlibaba Group негиздөөчүсү Джек Ма бүгүн Кытайдын 100 айылдык мугалим менен онлайн жолугушуу өткөрдү. Манын бул жолугушуусу 2020-жылдын октябрь айынан бери биринчи жолу коомчулукка чыгышы. 


Ал 24-октябрда Шанхайдагы форумдан кийин эл алдына чыккан эмес. Анда Джек Манын Ant Group тобу Шанхай жана Гонконг биржаларында ачыкка чыгып, 34 миллиард доллар чогултмакчы болгон.Бул Кытайдын жана дүйнөнүн тарыхындагы эң ири IPO болмок.


Кытайлык укук коргоо органдары миллиардердин октябрь айындагы сөзүнөн кийин анын бизнесине, анын ичинде  "Аlibaba"  компаниясына каршы монополияга каршы тергөө ишин башташкан.

28-декабрда Кытайдын Борбордук банкы Ant Group компаниясына финансылык кызматтарды көрсөтүүнү улантууга буйрук берген. Компанияга компаниянын насыя берүү, камсыздандыруу жана активдерди башкаруу кызматтарын каржылык көзөмөл эрежелерин сактоо буйрулган.


Джек Ма Фонду шаршембиде жыл сайын өтүүчү Айыл мугалимдеринин иш-чарасына  онлайн катышканын жарыялады. Alibaba Group дагы Джек Ма онлайн иш-чарага катышкандыгын тастыктады.

Булак:Борордук Азия

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн