Бугу 19, 2024
Убакыт: 06:39
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Кыз изделүүдө. Чүйдө аял кичинекей кызы менен сууга агып кеткен

Кыз изделүүдө. Чүйдө аял кичинекей кызы менен сууга агып кеткен


Аламүдүн районундагы Таш-Мойнок айыл аймагына караштуу эс алуучу жайда аял кичинекей кызы менен сууга агып кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кырсык тууралуу маалымат түшкөндөн кийин суу жээгине издөө иштерин жүргүзүүгө Аламүдүн районунан 3 куткаруучу, Сокулук районунан 5 куткаруучу, ага кошумча 161 кызматынан 4 куткаруучу тартылган.

Издөөнүн натыйжасында куткаруучулар А.Э. аттуу аял кишинин сөөгүн суудан таап чыгышып, Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Ал эми кичинекей кызды издөө иштери кеч киргендигине байланыштуу убактылуу токтотулду. Аны издөө бүгүн, 19-июлда улантылмакчы.

Бул боюнча кошумча маалымат берилет.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн