Бугу 06, 2024
Убакыт: 04:50
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Кыздарды сейилдетүү үчүн унааларды уурдап жүргөн жаран кармалды

02.09.2021 11:53
520
Кыздарды сейилдетүү үчүн унааларды уурдап жүргөн жаран кармалды

Ысык-Көлдө унааларды айдап качуу менен алектенген 31 жаштагы шектүү кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, 17-июль күнү Каракол ШИИБине шаар тургунунан арыз түшкөн. Анда Восход кичи районунан белгисиз адамдар үйүнүн жанында токтотуп койгон Honda Odyssey унаасын белгисиз адамдар айдап качып кеткендиги жөнүндө билдирген. Аталган кылмышты тез аранын ичинде ачуу максатында тосмо операциясы киргизилип, шаардан чыгуучу жолдорго посттор коюлган, ошондой эле чектеш шаар жана райондук ички иштер бөлүмдөрүнө багыттамалар жөнөтүлгөн. Көрүлгөн издөө иштеринин натыйжасында, уурдалган унаа Ананьево айылынан табылган.


Бирок кылмышка шектүү кармалган эмес. 30-июль күнү Каракол шаарынын дагы бир тургуну Honda Odyssey унаасын Восход кичи районунан белгисиз адамдар айдап качып кеткенин билдирген. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Териштирүү иштеринде Каракол шаарынын 31 жаштагы тургуну Т.У. кармалган.


Анын айтымында, ал унааларды жөн эле айдап, тааныш кыздарын сейилдетүү үчүн уурдап жүргөнүн айткан. Шаардык сот шектүүнүн баш коргоо чарасын карап чыгып, "эч жакка чыкпоо" тил катынын негизинде үй камагына чыгарган. Учурда сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында тергөө амалдары уланууда.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн