Бугу 17, 2024
Убакыт: 14:35
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Кызыл-Кыя шаарында милиция кызматкерлери селсаяктарды реабилитациялык борборго жеткирүүдө

12.01.2023 09:52
505
Кызыл-Кыя шаарында милиция кызматкерлери селсаяктарды реабилитациялык борборго жеткирүүдө

Кызыл-Кыяда милиция кызматкерлери үй-жайы жок жарандарды реабилитациялык борборго жеткиришүүдө. Бул туурасында Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.


Кызыл-Кыя ШИИБдин кызматкерлери 2023-жылдын 11-13-январь күндөрү кыш мезгилинде аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө жана ызгардуу суукка байланыштуу "Селсаяк" аталышындагы алдын алуу иш-чараларын уюштурууда.

Бул иш-чаранын максаты туруктуу жашаган жери жок селсаяктардын, тилемчилик менен күн өткөргөн адамдардын өлүмүнө жол бербөө. Анын негизинде милиция кызматкерлери шаар аймагын кыдырышып, аныкталган тилемчилик менен күн өткөргөн адамдарга, селсаяктарга ысык чай беришип, аларды "Шанс каждому" реабилитациялык борборуна камсыз кылуу боюнча иштерди жүргүзүшүүдө. 



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн